Депутаттар Жалал-Абаддагы кыргыз-өзбек чек арасынан өткөрүү пункттарын ачуу керектигин айтышты

Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Эргешов Жалал-Абад облусундагы кыргыз-өзбек чек арасынан 2 өткөрүү пунктун ачуу зарылдыгын парламенттин 12-январдагы жыйынында айтты. Депутат Аксы районунун тургундары Өзбекстанда жашаган туугандары менен катташуу үчүн Ош жана Баткен облустарына барууга аргасыз болуп жатышканын айтат.

"Кыргыз-өзбек чек арасында демаркациялана элек 75 тилке болсо, мунун 24 тилкеси Аксы районунда жайгашкан. Чала-Сарт, Үңкүр-Тоо деген көйгөйлүү тилкелер бар. Аксынын жашоочулары чек ара көйгөйүн чечип берүүнү суранып жатышат. Алар Өзбекстан аймагындагы тууганынын үйүнө барыш үчүн Оштогу "Достук" өткөрүү пунктуна барышса, ал жерде Кадамжайга жөнөтүп жатышат. Белгилүү болгондой, Жалал-Абад облусундагы өткөрүү пункттары жабылып калган. Жарандар 10 чакырымдын ордуна 1000 чакырым жол басып жатышат. Декабрда президент Өзбекстанга барганда Өзбекстандын президенти "Базарыбыз да, мазарыбыз да бир. Биз тууган элбиз" деди. Ушул учурду жакшылап пайдаланып калсак, Жалал-Абаддагы 2 постту ачып берсек", - деди Эргешов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан