Бишкекте тургундун унаасын мыйзамсыз тартып алгандардын бири кармалды

Бишкекте тургундун унаасын мыйзамсыз тартып алгандардын бири кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 11-январь күнү Ленин РИИБинин кызматкерлерине 25 жаштагы шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал белгисиз адамдар унаасын мыйзамсыз тартып алышканын айткан. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 19 жаштагы А.А. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Tunerbei1812
2017-01-12 10:03:51
Кезектеги криминал. Бизде башка жанылык жок болуп жатат.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан