Бишкекте күзөт кызматкеринин куралын тартып алгандарга кылмыш иши козголду

Бишкекте күзөт кызматкеринин куралын тартып алгандарга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 10-январь күнү Бишкектеги интернет-клубдардын биринде болгон. Анда белгисиз адамдар "Генерал секьюрити" ишканасынын күзөт кызматкеринин Сайга-410 үлгүсүндөгү табелдик куралын тартып алышып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен. Бул боюнча ыкчам издөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган М.Р. жана 1994-жылы туулган Ж.Э. кармалган. Учурда "тоноо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
abusait
2017-01-12 11:13:55
Жандарынан тойгон немелерго. Жазаларын бериш керек мыйзам боюча.
-2
Tunerbei1812
2017-01-12 12:06:09
Озу кылмышкерлерден коргоо учун кузот коюлса, мунусу куралын тарттырып отурса, анда озун коргой албаган кузотчунун кимге кереги бар? Жумушка алып жатканда байкагыла да. Антип койду, минтип койду деп эле басып журбой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан