Бишкектеги Ататүрк атындагы сейил багында жардыруу уюштурган жаран кармалды (фото)

Бишкектеги Ататүрк атындагы сейил багында жардыруу уюштурган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 4-январь күнү саат 04:41 чамасында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ататүрк атындагы сейил бакта жардыруу болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге дароо ыкчам топ барып, өсүп турган бактын белгисиз адамдар тарабынан тротил эквивалентинде күчү 200 грамм болгон колго жасалган жардыруучу зат менен жардырылганын аныкташкан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган Е.Е. кармалган. Ал жашаган жерден ок атуучу курал, ок-дарылар жана химиялык кошулмалар, химия боюнча китептер табылган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, ушул сыяктуу башка кылмыштарга тийиштиги бар же жогу такталууда. Ошондой эле жогорудагы жардырууга катыштыгы бар делген адамдар изделүүдө. Кармалган адам 2014-жылдан бери Республикалык психикалык борбордо каттоодо турган. Мурда уурулук боюнча сот жообуна тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
kai42444
2017-01-12 11:43:45
Писихикалык жактан ооруган адам эч качан мындай нерсе кылганы ойуна да келбет да бул жаран документти сатып алса керек жаман ойлорун ишке ашырыш учун...
+4
Tunerbei1812
2017-01-12 11:44:25
Психикалык орулуу ок, дары, курал менен журсо чатак экен. Абайлагыла.
+5
azamat.k
2017-01-12 12:05:55
ХХХ психанул...
-1
Nurzada_0111
2017-01-12 12:16:52
dagy jakwy yimanduu ХХХ eken ech kim jok ubakta jardyryp
-3
admin_portal
2017-01-12 12:22:26
Nurzada_0111, azamat.k, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт.
-1
mr.sher
2017-01-12 12:52:17
Жалган эле псих.оорулуу болуп документ сатып алгандар толтура. Ошолорду териштируу зарыл.
+1
Tansuluu09
2017-01-12 12:55:15
mr.sher, мен дагы ошентип ойлодум биринчи психологиялык жактан оорулу деген докментти алып Каалаган ишин жасай берет окшойт булар
+2
Totyua.71.
2017-01-12 16:14:09
психикалык оорусу барлар ушунчага акылы жетсе анда ,таза адамдар эмне кылат болду экен....
-1
Aldyiar
2017-01-12 22:07:36
Мен тушунбой калдым эмне учун ошол сейил паркды Ататурк деп аталган, дагы Ошдо да парк бар ошол паркдыда турктордун атына койгон, эмне себептен, биздин ХХХ чондор дагы акчага сатылып журобу ияя. Ким менин суроомо жооп берет туугандар.
+1
ABDISHkg87
2017-01-12 23:25:46
Бул деген жардырып текшерип коргон кандай канча кв метрге жетет экен деп!жакын арада бир жерге уюштурмак теракт.
0
Aldyiar
2017-01-12 23:39:09
ХХХ Сариев министир болгондо озу келип Ошко ошол паркдын наамын берген ХХХ туркторго, ээ КЫРГЫЗ ЭЛИМ билгиле жана тушунгуло эч качан КЫРГЫЗДЫН атасы турк болгон эмес ошол эле менин созум, КЫРГЫЗ ал жашаган жашап келип журот биздин ХХХ бийлик жазат жана айттат ататурк бизде ататурк жок бизде атакыргыз бар билгиле тууугандар
+2
admin_portal
2017-01-13 09:12:21
Aldyiar, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
-1
Winstoni
2017-01-13 00:29:02
Дагыеле байагы супер инфо ошол еле аткару К.К А.М К.Т З.Б качанга чейин ушундай кылып жазасынар толук жазсанар бирнерсе болобу же коркосунарбы башка олколордо толук жазышат. Биз эл журт толук билишибиз керек ким екенин суротун бекитип емне кереги бар. Эртен бул психти сотторун акчасын алып койберсе буга ким кейпилдик бере алат. Ошон учун толук аты жонун жазышты уйронгуло качан корсон ушинтип жинге тийесинер.
0
admin_portal
2017-01-13 09:14:18
Winstoni, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Оозеки эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан