Өткөн сутка ичинде өлкөдө 11 өрт кырсыгы катталганын ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаев билдирди. Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 2, Ош облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2 жана Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталды. Маалым болгондой, бул тилсиз жоодон адам өмүрүнө зыян алып келген учур болгон жок.