Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында көмүр маселеси талкууланды. Депутаттардын айтымында, акыркы күндөрү көмүр сатуучу жайларда көмүр жок болгон.
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун ырасташынча, облуста 2-3 күн көмүрдүн жетишсиздиги байкалган. "Учурда облуста жалпысынан 16 көмүр сатуучу жай иштеп жатат. 21 750 тонна көмүр жеткирилген. Мындай көлөм калкты көмүр менен камсыздоого жетиштүү. Бүгүнкү күндө көмүрдүн 1 тоннасы 3,5 миң сомдон сатылууда. Мындан кымбат сатылбашын көзөмөлдөп жатабыз", - деди Кайыпов.
Депутаттар телеберүүлөрдө көмүрдүн жоктугу көрсөтүлүп, эгер бул маалымат чын болсо, анын кызматтан кетер-кетпесин сурашты. Кайыпов эгер көмүр жок болгону тастыкталса, ал кызматтан кетүүгө даяр экенин айтты.