Куудул Жеңишбек Айтиевдин уулунун өлүмүнө шектелген жарандын ишин Ош шаардык соту кароодо. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Ош шаардык сотунан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, сот отуруму бүгүн саат 14:00гө белгиленген, бирок азырынча баштала элек. Буга айыпталуучунун жактоочусунун сотко катышуудан баш тартып жаткандыгы себеп болууда.
Айта кетсек, окуя 2016-жылдын 21-октябрь күнү саат 12:00 чамасында Ош шаарынын Гостелло көчөсүндөгү 1-Б үйүнүн алдында болгон. Анда 2004-жылы туулган Туратбек Акпаралиевди (Жеңишбекович) 1994-жылы туулган А.Н. аттуу жаран бир нече жолу бычак менен сайып салган. Жабырлануучу ошол жерден каза болгон.
Ал эми кылмышка шектүү А.Н. өз көрсөтмөсүндө "кошунамдын баласы тамагыма уу салганы келе жаткан экен, бычакты алып сайып жибердим" деп айткан.