Жалал-Абад облусунда өткөн жылы 2,5 миңге жакын кылмыш катталган. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда Жалал-Абад облустук ички иштер органдарынын 2016-жылдын 12 айында аткарган ыкчам кызмат ишмердүүлүгүнүн абалы жөнүндө жыйынтыктоочу кеңешмеде айтылды.
Маалыматка караганда, 12 ай ичинде катталган кылмыштардын дээрлик 90 пайызынын бети ачылган. Ошону менен бирге эле бир катар жооптуу жетекчилерге кызматтык тартип жазалары берилген. Алардын тогузуна сөгүш берилсе, үчөө катуу сөгүш алган. Ал эми сегиз жетекчиге эскертүү берилген. Ошондой эле бирөө кызматтан алынса, экөө кызматтан төмөндөтүлгөн.