Бишкектеги И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 27-апрель күнү саясий ишмер Мухтар Өмүракуновду эскерүү урматына шахмат боюнча мелдеш өтөт. Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, таймашка өлкөнүн ар кайсы аймагынан келишкен жана баш калаадан тандалган жалпы 40тай шахматчы күч сынашмакчы. Мелдеш саат 11:00дө башталып, шахматчылар 9 айлампадан турган швейцар системинде ойношот. Эскертип кетсек, “Замандаш” партиясынын лидери М.Өмүракунов 2011-жылы 46 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.