Ошто "Жыл мыктысы" кылам деп мектеп директорлорунан, айыл өкмөт башчыларынан акча алган жаран 1 айга камалды. Бул тууралуу бүгүн, 12-январда SUPER.KG порталына Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
"Тиешелүү чечимди кечээ, 11-январь күнү Ош облусунун Араван райондук соту чыгарды. Ага ылайык, шектүү 1 айга тергөө абагына камакка алынды. Бүгүнкү күнгө карата анын үстүнөн арыз жазгандардын саны 30дан ашты", - дейт Ашырбаев.
Айта кетсек, кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган Б.А. аттуу Ош шаарынын тургуну кармалган. Ал "Жыл мыктысы" кылам деп алдамчылык жолу менен Кара-Суу, Араван, Ноокен райондорундагы мектеп директорлорунан, айыл өкмөт башчыларынан жана медицина кызматкерлеринен 1500 сомдон 5000 сомго чейин акча алган. Ал бирде КТРКнын, бирде ЭлТРдин журналистимин деп тааныштырса, айрым учурда Мамлекеттик кадр кызматынын өкүлү экенин айткан.