Чүй облусунда автокырсык болуп, 3 адам көз жумду

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда 25-апрель күнү автокырсык болуп, 3 адам каза тапты. Окуя Бишкек-Торугарт унаа жолунун 46-чакырымында саат 18:00 чамасында болгон. Мерседес-200 унаасы каршылаш багытта келе жаткан Хонда Степвагон унаасы менен кагылышып, 3 адам көз жумса, 6 адам ооруканага жеткирилгенин ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. Кырсык болгон жерге аталган министрликтин Токмок шаардык куткаруу кызматынын куткаруучулары жетип барышып, Мерседес унаасында кыпчылып калган эки адамдын денесин алып чыгышкан жана жабыркагандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүшкөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан