Баңгизатын алып сатуу менен алектенген жаран 14 жылга эркинен ажыратылды

Баңгизатын алып сатуу менен алектенген жаран 14 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Баткен облустук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1960-жылы туулган Т.М. 2016-жылдын 26-февраль күнү саат 20:00 чамасында Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы тоолор аркылуу Тажикстандын Исфара районуна баруучу жолдо кармалган. Анын жерге көмүп койгон пакетинен 2 килограммга жакын баңгизаты табылган.

2017-жылдын 10-январында Баткен облустук сотунун кылмыш жана административтик укук бузуулар жөнүндөгү соттук коллегиясы айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, Баткен райондук сотунун 2016-жылдын 30-ноябрындагы чыгарган чечимин өзгөртүүсүз калтырган. Баткен райондук соту Т.Мны 14 жылга эркинен ажыраткан болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
sely
2017-01-13 11:15:10
69-70 жашында чыгат экен да турмодон эх кайран омур
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан