“Чүй облусунун Лебединовка айылында жол кырсыгы болуп, бир адам көз жумду”. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирет. Кабарлангандай, Фольксваген Гольф-3 жана Ауди А-6 унаалары кагылышып, натыйжада Ауди унаасынын айдоочусу көз жумган. Алдын ала айтылган маалыматтарга караганда, Фольксваген унаасынын айдоочусу мас абалында болуп, саатына 130 чакырым ылдамдыкта бара жаткан. Учурда мас айдоочу убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөөчүлөргө сурак берип жатканы айтылды.