Баткен шаарында Өрткө каршы бөлүктүн жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 13-январда Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик өрткө каршы кызмат агенттигинин Баткен облустук өрт коопсуздук башкармалыгынын 26-аскерлештирилген өрткө каршы бөлүгүнүн административдик имарат-комплексинин ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ага Сооронбай Жээнбеков, Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов катышкан. Имараттын курулушу аэропортко жакын жерде 2013-жылы башталган.

"Жаңы салынган өрткө каршы бөлүктүн имараты 2 кабаттуу болуп, 1-кабатында техниктин, диспетчердин иш бөлмөлөрү жана 4 атайын өрт өчүрүүчү автоунаалар туруучу бокс, күжүрмөн эсептин окуу классы, эс алуу, чечинип-кийинүүчү, ашкана жана тамактануучу, душ, автоунаалардын тетиктерин оңдоочу, өрт өчүрүүдө кийүүчү кийимдерди кургатуучу бөлмөлөр, ажаткана бар, ал эми 2-кабатында башкармалыктын жана бөлүмдөрдүн иш бөлмөлөрү жайгашкан. Имарат толугу менен жылытуу системи менен камсыздалган", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле комплекстин короосунда атайын булганыч сууларды топтоо үчүн септик курулган жана керектелүүчү таза сууну шаардагы түтүктөргө кошууга чейинки иштер бүткөрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Davlet1994
2017-01-13 20:29:21
Азаматсынар тез бутупсунор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан