Орусиянын элчисин атып өлтүргөн Мевлют Мерт Алтынташтын сөөгү селсаяктардын мүрзөсүнө коюлат

Түркиянын борбору Анкара шаарында сүрөт көргөзмөсүнө катышып жаткан орусиялык элчи Андрей Карловго ок аткан Мевлют Мерт Алтынташтын сөөгү селсаяктардын мүрзөсүнө коюлат. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, окуя болгон соң күч органдары тарабынан өлтүрүлгөн Алтынташтын сөөгү өлүк сактоочу жайга жеткирилген. 15 күндүн ичинде аны туугандары алып кетүүгө тийиш болчу, бирок туугандары анын сөөгүн алып кетүүдөн баш тартышкан. Жыйынтыгында маркумдун сөөгү аталышы жок селсаяктардын мүрзөсүнө коюлат.

Эскерте кетсек, 19-декабрда кечинде Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловго куралчан адам ок атып, дипломат окуя болгон жерден каза тапкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
KaiMak
2017-01-13 14:35:27
Бечара 1 уюмдун курманы болду да...
+9
Lion.
2017-01-13 14:58:43
Не селсаяктардыкы башкача бекен?)) Жердин асты баарыбызга бирдей))
+27
barakcha
2017-01-13 15:13:28
Жаткан жери жайлуу болсун!
+6
Azizbek.kg8
2017-01-13 15:24:25
Жаш эле жигит башка жол жок бекен эле э тандаарга чырактай супсулу бала экен элего.
+1
ekaterinburg
2017-01-13 15:55:02
Тообо кылдым...
+3
Greplink
2017-01-13 16:09:04
Эбак эле айылына коюлган, бул жалган маалымат.
+3
Kroxa
2017-01-13 21:00:23
Падыша бол кайырчы бол баары бир олум учун бирдей сенин катарын...жер алды бирдей го баарына окумдар...
+4
Ananai
2017-01-13 23:38:41
Жалко, красавчик жигит экен эле.
0
kyzburak87
2017-01-14 15:44:58
Ушул жолго озу бармак беле бул баланы да ушул акыбалга жеткирген устундо чиновниктер отурат да же очу бардыр орустарга бир себеби бар байкуш жаш эч нерсени корбой кете берди
0
arzygulR
2017-01-15 18:02:19
Тообо туугандары эмнеге баш тартышат экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан