SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Күйөөңүзгө бийлеп бересизби?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Кийин турмушка чыкканда күйөөм үчүн бийлеп, анын көңүлү башкага бурулбаш үчүн колумдан келгенин кылганга аракет кылам. Эркек киши эмес, кыздар деле курсак бийин көргөндө кызыга түшөт го".
"Угушумча, өзбек кыздар күйөөлөрүнө жатардын алдында аябай бийлеп беришет экен".
"Мен бийлегенге үлгүрбөйм. Жумуштан келгенде бутун тарта албай чарчап жатып калат, тамакты араң жейт. Чарчап, уйкусурап жаткан кишиге бийлегеним маскарапоз оюн көргөзгөндөй эле болот го".
"Жолдошумду атайын султан кылып отургузуп коюп, алдында бийлеп бербейм, уялам. Бирок жолдошум үйдө болгондо ары өтүп, бери өтүп, кыйшаңдап тийише берем".
"Биз бири-бирибизге бийлеп, интермедия аткарып, өзүбүз менен өзүбүз отура беребиз. Балабыз болсо балабызды эрмектеп отурат белек..."
"Күйөөм телевизордон курсак бийин бийлеген кыздарды көрсө, оозу ачылып, эки саат тиктейт. "Сен дагы ушинтип бийлесең жарашса керек, ээ? Келбетиң жакшы" дейт. Жаман көз менен тиктеп койдум. Негизи, атайын курска баргам, бийлей алам, бирок бийлебейм".
"Ооба, бийлеп берем күндө, курсак бийин үйрөнүп да жатам".
"Италияда, тескерисинче, эркектер аялдарга 8-Мартта стриптиз бийлеп беришет экен".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.