Бишкекте унаасына жасалма "крутой" номур тагып алган айдоочу кармалды

Бишкекте унаасына жасалма "крутой" номур тагып алган айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Патрулдук милиция кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-январь күнү Масалиев көчөсүнөн B 7777 B номурлуу Jaguar үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Тиешелүү документтерди текшере келгенде B 7777 B номуру унаага тиешелүү эмес экендиги белгилүү болгон. 1987-жылы туулган К.К. аттуу айдоочунун айтымында, бул номурду Ош шаарынан таап алган. Учурда ага айып салынып, унаасы айып жайга токтотулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Tunerbei1812
2017-01-13 17:07:15
"Крутой" номер тагып алса, крутой бала экен. Ага озуно ылайык крутой мамиле керек болот.
-4
aibars
2017-01-13 17:09:42
Муйуз чыгабы крутой номер тагып алса. Ар жок болсо айла жок экенда.
-2
KyrgyzstanOsh001
2017-01-13 18:58:27
B 77 77 B. Токтотушат да мындайды. Окшотуп B 77 77 OP тагып албайсынбы))
-2
Seiil.94
2017-01-13 20:33:08
атын чыкбаса жер ортто
-1
Kroxa
2017-01-13 20:57:00
Крутой номерди эч ким токтото албайт деп ойлосо керек бул шылуун...
-1
kamchatka
2017-01-14 12:44:54
Бул шылуун шылуундук кылам деп даана шылуундарга кармалыптырда!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан