Ысык-Көлдө өзүм билемдикке салып пансионаттын аймагына кафе куруп алган жаранга кылмыш иши козголду

Ысык-Көлдө өзүм билемдикке салып пансионаттын аймагына кафе куруп алган жаранга кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 13-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 1987-жылы туулган О.А. аттуу Ысык-Көл районунун тургуну кармалган. Мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган. Ал мамлекеттин карамагындагы пансионаттардын биринин аймагына кафе куруп, ижара акысын жана эч кандай салык төлөгөн эмес. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан