Москвада ооруканадан өрт чыгып, 38 адам каза тапты

Москванын Дмитровский районундагы психоневрологиялык жатак үйүнөн өрт чыгып, 38 адам каза болду. Алардын экөөсү медицина кызматкерлери болушкан. Кырсыктын себеби: электр зымдары чыңалып, натыйжада учкун тутанган. Маалыматка ылайык, өрт чыккан учурда имаратта 41 адам болгон. Алардын үчөө сыртка качып чыкканга үлгүргөн. Учурда өрт чыккан жерде "Тез жардам" кызматынын 18 бригадасы иш алып барууда. Белгилей кетсек, жатак мектептин жалпы аянты 420 чарчы метр. Кырсык 25-апрелден 26-апрелге караган түнү орун алган. Учурда өрт чыккан имаратта түтүн таркай элек, тийиштүү чаралар көрүлүп жатканын жергиликтүү маалымат булактары жарыялоодо.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira1989
2013-04-26 16:37:52
Аллахым озу сактасын.Тилсиз жоо чааптыр да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан