“Зордуктоо кылмышына шектелип Бишкек шаарынын Э.С. аттуу 23 жаштагы тургуну кармалды”. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Окуя боюнча: Чүй облусунун 24 жаштагы М.К. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал өз даттануусунда, бейтааныш адам күч колдонуп зордуктаганын айтып, ага карата чара көрүүнү өтүнгөн. Бул иш боюнча учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.