2016-жылы Нарын облусунда 127 жол кырсыгы катталган

2016-жылы Нарын облусунда 127 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, катталган жол кырсыктарынын саны былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 8 пайызга азайган. Ошондой эле жол кырсыктарынан каза болгондордун саны да 32,7 пайызга кыскарган. Кырсыктардын 64,5 пайызы шаар жана калк жашаган айыл көчөлөрүндө болгон.

Ал эми облус аймагында жыл ичинде балдар катышкан 28 жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 7 бала каза таап, 23 бала ар кандай жаракаттарды алган. Көп учурда жаш балдар жөө жүрүүчү катары эмес, унаа ичиндеги чоң адамдардын күнөөсүнүн негизинде жол кырсыктарына кабылышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан