Ошто милициянын кашын жара тепкен ырчы күйөрмандарынан жана Ош ШИИБинин жетекчисинен кечирим сурады

Ошто милициянын кашын жара тепкен ырчы Алтынай Жайнакова күйөрмандарынан жана Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек Жолдошевден кечирим сурады. Ал SUPER.KG порталына берген маегинде буларга токтолду:

Ошол күнү мени эч кандай Патрулдук милициянын кызматкерлери тоскон эмес. Алар унааны кыз айдап бара жатканын көрүшүп, башка кызматкерлерге айтышкан. Анан алар кийинки көчөдөн токтотушту. Документтеримди алып бергиче болбой эле каткырып күлүшүп, шылдыңдашты. Анан тааныштарыма чалганга туура келди”.

Ошондой эле ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек Жолдошевдин атын эмнеге атаганын түшүндүрүп берди: “Жолдошев менен эч кандай мамилем жок. Болгону аны сыртынан тааныйм. Анын атын айтсам, аз да болсо коркушабы деген ойдо болгом. Учурдан пайдаланып андан өзгөчө кечирим сурайм”.

Алтынай Жайнакованын айтымында, буга чейин журналистика тармагында бир аз иштеген. Учурда чыгармачылык менен алектенет.

Учурда мыйзамды жакшы билген адамга кайрылайын деп жатам. Рулду бербей жатканда күчкө салып жүктөп кете беришсе болобу? Мени унаанын артына отургузушканда бүт кийимдерим ачылып калган. Ошол учурда алдыда отурган милиция кызматкери караган. Анан ага “караба” деп бутумду силккем”, - дейт ырчы.

Буга чейин интернетке убактылуу кармоочу жайдан чыккандан кийин концертке бара жатканы тууралуу видео тараган. Ал тууралуу буларга токтолду: “Ал курбуларымдын арасында тартылган видео болчу. Болгону алар менин көңүлүмдү көтөрүү максатында тартышкан. Кандайча тарап кеткенин билбейм. Эч кандай концертке барган жокмун. Учурда үйдө отурам”.

Айта кетсек, окуя 13-январга караган түнү Ош шаарындагы Масалиев жана Абдыкадыров көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда Алтынай Жайнакова өзүн журналист, эл тааныган ырчы катары тааныштырып, ар кимге телефон чалып Патрулдук милициянын кызматкерлерин коркуткан. Кийин унаасын айып жайга токтотуу үчүн алдына отурган Патрулдук милициянын кызматкеринин кашын арткы орундуктан буту менен жара тепкен. Анын үстүнөн "бейбаштык" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген болчу. Ал эми бүгүн Ош шаардык соту аны үй камагына чыгарган.

Ошто "ырчы" кыз милициянын кашын жара тепти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (88)
Taalaibek.
2017-01-15 08:12:05
Алтынай Жайнакова "Азаматсын" туура кылгансын! Сенин алдынды, ал милицианын карагандай кандай акысы бар? Туура кылгансын, эки жолу тепсен болмок. Ал милициянын озун сотко берсен болмок. Чала милицияга, артын карабай жолду карабайбы.
-13
Pandora
2017-01-15 12:29:39
Taalaibek.,Башка бироо карабоо учун этегин жаап кийинип журуу керек!!!Ачылып турса аял башым менее мен деле караймыыыын оллооо..Этегин тартса башына,башына тартса жтегине жетпегидей кийинбей
+5
sely
2017-01-15 09:54:37
Жондон жон теппегендир балким себеби бардыр эмнеси болсо да мудурулбогон туяк болбойт мелийсабы кызбы кимимси куноолу болсо да экооно тен амандык ийгилик ыйман каалап коелу.
-7
Karysh
2017-01-15 10:15:10
Ушунун ордунда карапайымдын кызы жэ баласы болгонго абакка кесип салышмак бизде мыйзам бирдей иштебейт да аттин XXX
+3
admin_portal
2017-01-15 10:24:36
Karysh, такталбаган маалыматты жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
-4
Samina007
2017-01-15 11:12:49
Өзү бул кыздын карай турган нерсеси бар бекен деги артка карап карады дегидей.
+2
gulmira12345
2017-01-15 12:43:01
уят уят жана уят
0
orhideya-12345
2017-01-15 13:36:32
Январь айы болсо бул кыздын кийингенин же Ошто кун жылуубу....
0
honey.ka
2017-01-15 21:20:14
orhideya-12345,мен да ошону сурайын деген элем. Жайдагыдай го
0
gitaris93
2017-01-15 13:45:49
Ии бул эми ушу ХХХ кыздын жылы болот экен да
Государство толоп берет эми гана унутулуп баштады эле. Эми анын ордуна бул ХХХ кыз экен (Атын чыкпаса жер ортто)
0
admin_portal
2017-01-16 11:48:59
gitaris93, адамдын намысына шек келтирген билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынган. Оозеки эскертүү!
0
Vacant
2017-01-15 14:06:49
Боорум эзилип калды ,кино коргондой эле болдум го, жаман образга кирди го чиркин... арак ичпей балээ ич . бул кызды азамат деп жактап аткандарга тушунбой жатам мунунар такыр неадекват го, озунун кылгандарына,журуш турушуна жоопкерчилик ала албаган.Байкуш ата эненин эмгеги жакшы тилек менен чонойтуп остургон. Эми акыл эси болсо бул окуядан сабак алаар. Жараткан Аллах баарыбызга ыйман берсин.
+2
taalay25
2017-01-15 14:30:58
Козунуз башкача экен,
Оозунуз ХХХ экен.
Акылыныз озунуз кийген,
ХХХ экен!

Бирок жаш, ХХХ
0
admin_portal
2017-01-16 11:49:54
taalay25, кимдир-бирөөнү мазактоого жол берилбейт. Эскертүү!
0
semo
2017-01-15 19:21:54
Орусча сүйлөй албагандан кийин сүйлобой еле койбойбу милиция кызматкерлерин качанга чейин ушинтип кор кылабыз өзбекстанда милицияны көргөндө киреерге тешик таппай калышат мына закон кыргызтанда
+2
portugalia
2017-01-16 04:21:42
Шумдугу курусун
0
portugalia
2017-01-16 04:25:55
Алтынай Жайнакова ырчы эмес жонокой эле кыз болчу.Ырчы болсо оз айылдаштары билмекпиз да.
0
Azumi32
2017-01-16 05:55:22
"Артистти аялым дебе" деген кеп анык окшойт...?
0
admin_portal
2017-01-16 11:50:59
lady.girl7997, Targarien, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
admin_portal
2017-01-16 11:56:20
realbek89, такталбаган маалыматты жазып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болуӊуз. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан