Бүгүн, 15-январда "Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам күчүнө кирди. Өкмөт башчынын жана парламенттин ыйгарым укуктарына тийиштүү беренелер 2017-жылдын 1-декабрынан тарта күчүнө кирмекчи.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 11-декабрында Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүп, анын жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы 22-декабрда чыгарган. Референдумга добуш берүүчүлөрдүн 42,28 пайызы катышканын, анын 79,63 пайызы "макул" деп добуш бергенин жарыялаган. Расмий түрдө референдум өттү деп таанылган. 28-декабрда президент Алмазбек Атамбаев аталган мыйзамга кол койгон.