Бүгүн, 16-январда эртең менен саат 7:30дарда Гонконг-Стамбул каттамынын кулаган учагында 4 адам болгон. Бул тууралуу "Манас" Эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
"Гонконг-Стамбул регулярдык каттамындагы жүк ташуучу учак кулады. Экипажда 4 адам болгон. Кырсык болгон жерге өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов, Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев барды. Учурда "Тез жардам" жана Өрт өчүрүү кызматы иштеп жатат. Кырсыктын себептери такталууда", - деди басма сөз кызматынын адиси.