"Манас" аэропорту Бишкектин четиндеги авиакырсыкта адамдардын каза тапканы тууралуу азырынча маалымат берилбей турганын билдирди. Мекемеден тийиштүү органдар кырсык болгон жерде иштеп жатышканын, кошумча маалымат кийинчерээк берилерин айтышты.
Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен "Манас" аэропортуна жакын жерге жүк ташуучу Боинг учагы кулаган. Кырсык болгон жерде тийиштүү органдар иштеп жатышат.