Кыйраган Боинг учагы Бишкекке май куюу үчүн конмокчу болгон

Үйлөрдүн үстүнө кулаган Боинг учагы Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөгөн. "Манас" аэропортунан билдиришкендей, жүк ташуучу учак Гонконг-Стамбул каттамы боюнча абага көтөрүлгөн. Бишкектен май куюп алып, андан ары Түркияга учмак. Бирок конордо кырсыкка кабылып, Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) айылындагы үйлөрдүн үстүнө кулап түшкөн. Акыркы маалыматтар боюнча, каза тапкандардын саны 32ге жетти. Булардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү жашоочулар. Оор абалда ооруканада жаткандар дагы бар. Окуя болгон жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Транспорт жана жол министрлигинин жетекчилери, премьер-министр жүрөт. Аэропорт убактылуу жабылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Keremet008
2017-01-16 10:33:05
Эптуу болбоптур кырып эле биздин элди. Аэропорттогу иштегендер билише бекен азыр ушу каттам бизге токтоп май куюп кетет деп? Оздорунон эле куюшпайбы токтоп журбой. Ииий жаман кайгырып жатам кыргыз элиме
-6
nur_zhoni
2017-01-16 10:50:21
Keremet008,
Билишет, май куйушкан батышынча ошолда жетбеген кийин бизге конуп куймакчы болгон
-1
Babi.
2017-01-16 10:37:24
Кыргыз элииииим(((((жаткан жеринер жайлуу болсун:(((
-1
Patirot
2017-01-16 10:45:16
Майы жетпей калып кулады окшойт
-1
rejepova
2017-01-16 10:46:49
майды жакшы эле куюп учпайт беле аттин
-3
Kairylbaimyn..
2017-01-16 10:49:54
майды ал жактан куйса болбойбу бул жака конуп олтурбай
-3
nur_zhoni
2017-01-16 10:52:34
Kairylbaimyn..,
Ошол майы жетбеген эгер кыргызстандын учагы башка мамилекетке учуп баратып жолдо жакынкы учак конуучу жайга токтоп май куйуп алса болот
-2
Kyrgyz_myrza
2017-01-16 11:21:30
Kairylbaimyn.., булардын системасы ошондой озу. Монголия, Ганконг Станбул аралыгы алыс болгону учун, Кр дан мужбур май куйушат. Оздорунун майлары жетпейт!
+2
Totyua.71.
2017-01-16 11:10:29
журок ыйлайт,журок сыздайт айла жок кыргыз элим кайрат кылалы.. ордуна келбес иш болду...
-1
mega777
2017-01-16 11:33:33
Кырсыкты кайдан деп болбойт(Кудай аай,жараткан оз ырайымына алган болсун(Окунучтуу((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан