Бишкектеги учак кырсыгынан каза болгондордун саны 35ке жетти. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, каза болгондордун саны дагы артышы мүмкүн. Учурда зыянга учураган үйлөр текшерүүгө алынууда. Азырынча кулаган учактын 65 турак үйдү сүрүп кеткени айтылууда.
Бүгүн эртең менен саат 07:30 чамасында Гонконгдон келе жаткан жүк ташуучу учак "Манас" аэропортуна жетпей Сокулук районунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) айылына кулаган. Буга чейин кырсыктын кесепетинен 28 жергиликтүү тургун жана экипаждын 4 мүчөсү каза болгону айтылган эле.