Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин 16-январдагы жыйыны учак кырсыгынан каза болгондорду бир мүнөттүк эскерүү менен аяктады. Комитеттин мүчөсү депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеңешти кырсыктан жабыркаган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүгө чакырды. "Биздин жарандарыбыз каза болду, алардын арасында жаш балдар да бар. Өлкөбүз үчүн бул чоң жоготуу. Кырсыктан улам каза болгондордун туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам", - деди Бакиров.
Айта кетсек, бүгүн эртең менен саат 07:30 чамасында Гонконгдон келе жаткан жүк ташуучу учак "Манас" аэропортуна жетпей, Сокулук районундагы Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) айылына кулаган. Акыркы маалыматтарга ылайык, учак кырсыгынан каза болгондордун саны 35ке жетти. Бул сан дагы артышы мүмкүн. Учурда зыянга учураган үйлөр текшерүүгө алынууда. Азырынча кулаган учактын 65 турак үйдү сүрүп кеткени айтылууда.