Ош шаарында бүгүн, 16-январда Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Өзбекстан Республикасынын Вице-премьер-министри Адхам Икрамов жолугушту. Өкмөт өкүлдөрү аталган мамлекеттердин чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатышат. Разаков тактала элек чек ара тилкелери боюнча позицияларды тезирээк тактоо жана делимитация, демаркация иштерин аягына чыгаруу зарылдыгын айтты.
Өкмөттөн билдиришкендей, бул жолугушуу Кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын президенттеринин 2016-жылдын декабрындагы жолугушуусунда жетишилген макулдашуулардын алкагында өтүүдө. Сүйлөшүүлөр эртең, 17-январда дагы улантылат.