ЖЫЛНААМА, 16-ЯНВАРЬ: 30 жыл мурун Өзбекстанда аба майданына жакын жерге Як-40 учагы кулап түшкөн

Мындан 30 жыл мурун, 1987-жылы 16-январда Өзбекстандын Ташкент шаарындагы "Ташкент-Түштүк" аэропортуна жакын жерге Як-40 учагы кулап түшкөн. Жыйынтыгында Ташкент-Шахрисабз каттамы менен уча турган учактагы 9 адамдын баары (4 жүргүнчү, 5 экипаж мүчөсү) курман болгон. Учактын учкандагы салмагы 14,4 тоннаны түзгөн, бул нормадан ашык көрсөткүч деп эсептелинген. Ошондой эле Як-40 Ил-76 учагы аба майданынан учкандан кийин 66 секунда өткөн соң учуп чыгып, 20 метр бийиктикке көтөрүлгөндө кулап түшкөн. Кырсык эки учактын ортосундагы учуу аралыгы аз болгондуктан келип чыккандыгы айтылган.

16-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
GGggUUuuLLll
2017-01-16 19:26:58
Туура 30 жылдан кийин өзубуздө ушундай кырсык болуп отурат...Супер инфого кеңеш:жылнаама дегенде кырсыктарды эмес жакшы тарыхый окуяларды жазып жургуло
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан