Владимир Путин Алмазбек Атамбаевге көңүл айтты

Бишкектеги авиакырсыкка байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевге көңүл айтты. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы билдирди.

Владимир Путин Орусияда достук мамиледеги Кыргыз Республикасынын элинин кайгысын тең бөлүшүп жатышканын айтты. Мындан тышкары Орусиянын президенти кырсыктан жакындарын жана туугандарын жоготкондорго колдоо сөздөрүн айтып, ал эми жабырлануучуларга тезирээк сакайып кетүүнү каалады.

Айта кетсек, бүгүн эртең менен саат 07:30 чамасында Гонконгдон келе жаткан жүк ташуучу учак "Манас" аэропортуна жетпей Сокулук районундагы Курулуш башкармалыгынын дачаларына кулаган. Акыркы маалыматтар боюнча, авиакырсыктан 35 адам каза болду, 18 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилди. Учурда зыянга учураган үйлөр текшерүүгө алынууда. Бул авиакырсыкка байланыштуу Кыргыз Республикасында 17-январь аза күтүү күнү деп жарыяланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан