ӨКМ: Учак кырсыгынан улам 17 турак үй толугу менен кыйрап, 6 үй зыянга учураган

Учак кырсыгынан улам 17 турак үй толугу менен кыйрап, 6 үй зыянга учураган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, учак кулаган жерде 43 жер тилкеси болгон. Адамдар жашаган 17 үй толугу менен кыйраган жана 6 үй зыянга учураган. Учак кырсыгынын себебинен жеринде өрт чыгып, жакын жайгашкан эки үйдөн катуу өрт чыккан. Кырсыктын кесепетинен 32 адам каза тапкан, анын ичинен 10у эркек, 9у аял жана 13ү жаш балдар. Ал эми 12 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Ошондой эле учак кырсыгынан жабыркагандарды куткаруу үчүн жалпы 1163 адам тартылды.

40ка чукул адамдын өмүрүн алган авиакырсык
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Dastanwanted
2017-01-16 17:33:18
Ай кудай ай бөөдө кырсыктардан сактай көр, каза болгондордун жаткан жери жайлуу болсун!
0
mambo-1984
2017-01-16 17:37:03
Самалет сотка ташып келе жаткан дешетко ичиндеги соткаларды элдер терип журушот дешетко ай кыкендер
-1
tuigan.
2017-01-16 17:52:43
Мародерлук да орун алыптыр.бир адам курткасына электрочайнек катып кармалыптыр.(окудум сайттан)
+1
azim2
2017-01-16 17:59:43
Жаткан жерлери жайлуу болсун. Жакындарына көңүл айтам
+1
MAN-CITY
2017-01-16 18:23:18
Ким бироолор бир тууганын жоготуп кайгырып журсо, ким бироолору бир ушул кырсыктан пайдаланайын деп журушот. Баарыбызга ыйман берсин Кудайым.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан