Түркиянын президенти учак кырсыгы боюнча Алмазбек Атамбаевге көңүл айтты

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган учак кырсыгы боюнча Кыргыз Республикасынын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге көңүл айтты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

Маалыматка караганда, түрк президенти телефон аркылуу Алмазбек Атамбаев менен байланышып, кырсыкта каза тапкандардын жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирген.

Ошондой эле учак кырсыгына байланыштуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлюд Чавушоглу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге телефон аркылуу көңүл айтып, Түркия өкмөтү ар кандай жардамга даяр экенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан