Боинг кырсыгы: Куткаруучулар окуя болгон жерде ишин улантышууда

Куткаруучулар Боинг учагы кулаган жерде ишин жандантканын 17-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Иш саат 08:00дө башталып, учурда 50 кызматкер жана атайын техникалар иштеп жатат. Түштөн кийин өлкөгө Мамлекеттер аралык авиация комитетинин эксперттери келери күтүлүүдө. Кырсык болгон жерден табылган учактын "кара кутусу" аларга өткөрүлүп берилет.

Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жерге Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, ондогон адамдардын өмүрүн алды. Акыркы маалыматтар боюнча каза тапкандардын саны 36га жетти. Ооруканада жаткандар дагы бар. Факт боюнча Транспорттук прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМК менен ИИМ иликтөө жүргүзүүдө. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтейт.

Бүгүн, 17-январь - өлкөдө аза күтүү күнү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан