“Чаткал өнүктүрүү фондунун башчысы менен башкы эсепчиси мамлекетке 239 000 сомдук зыян алып келген”. Бул маалыматты бүгүн, 26-апрелде Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Айтылгандай, өнүктүрүү фонддун жетекчиси О.Т. менен башкы эсепчиси Т.И. “2012-жылы фонддун казынасынан 239 000 сомду өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланышкан” деп айыпталууда. Учурда аталган факты боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.