Бүгүн Нариман Түлеев камактан чыгарылышы керектигин жактоочу Султан Баратов билдирди

Бүгүн "Ата Журт" фракциясынын депутаты Нариман Түлеев камактан чыгарылышы керектигин анын жактоочусу Султан Баратов билдирди. "Бүгүн Нариман Түлеевдин камакка алуу мөөнөтү аяктайт. Бирок ал чыгарылбайт. Анткени мен Биринчи Май райондук сотко кайрылсам, баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу эч кандай чечим жок экенин маалымдашты. Башка органдарга да кайрылып, дал ушундай жоопторду алдым"  деди Султан Баратов. Эске салсак, Нариман Түлеев үстүбүздөгү жылдын 25-июнунда өз үйүнөн кармалып, Бишкек шаарынын мэри болуп турган маалда кызмат абалынан пайдаланган деген айып менен кылмыш иши козголгон. Кийин 15-августта Баш прокуратура мамлекетке зыян алып келгендиги үчүн кылмыш ишин козгоп, эки айга камакка алынган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан