Авиакырсыктан жаракат алып, Бишкек шаардык балдар ооруканасына алынып келинген 8 баланын абалы туруктуу. Бул тууралуу бүгүн, 17-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык медициналык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков билдирди.
"Кырсыктан жабыркаган 8 баланы биздин ооруканага алып келишкен. Алардын баш мээси чайкалган. Учурда 2 баланы кошумча текшерүүдөн өткөргөнү жатабыз. Ал эми калган алтоосунун абалы канааттандырарлык. Учурда ар бир балага өз алдынча көңүл бурулуп, дарылоо жүргүзүлүп жатат", - деп билдирди дарыгер Өмүрбеков.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаардык медициналык балдар клиникалык ооруканасында дарыланып жаткандар түрдүү курактагы балдар. Алардын улуусу 17 жашта, кичүүсү 2 жашта.