Кыргызстандагы эң көп нускалуу "Супер-Инфо" гезити жыл сайын өзүнүн туулган күнүнө карата футбол мелдешин уюштуруп келет. Эсиңизде болсо, былтыркы оюнда Жогорку Кеңештин депутаттары баштаган командалар арасында кызуу таймаш жүрүп, финалда "Билайн" командасы баш байгеге сайылган тайды утуп кетишкен. Быйылкы "Супер футбол-2013" мелдеши 17-18-19-май күндөрү Бишкек шаарындагы "Дордой" спорт-комплексинде өтөт. Анда 20 команда алдынкы орундар үчүн топ талашмакчы. Учурда мелдешти өткөрүүгө даярдык кызуу жүрүүдө. Мисалы, "Супер футбол-2013" тууралуу жергиликтүү телеканалдардан берилүүчү жарнамалык түрмөк тартылып жатат. Аны белгилүү кинорежиссёр Сүйүн Откеев башында турган чыгармачыл топ тартууда.