Стамбулдагы түнкү клубга кол салган Абдулгадир Машарипов кечээ, 16-январда колго түштү. Бул тууралуу түркиялык басылмалар кабарлашты. Ал 1983-жылы туулган Өзбекстандын жараны болгон. Мухаммед Хорасан деген ат менен да белгилүү.
Маалым болгондой, аны полиция Стамбул шаарынын Эсенйурт аймагынан кармаган. Полиция ал түнөгөн батирди тинтүүдө 197 миң доллар тапканы маалымдалган. Полиция кылмышка шектүүнүн изине түшкөндө ал 4 жаштагы баласын алып, качып кетүү аракетин көргөн. Атасы кармалган соң баласы кайда калганы тууралуу так маалымат жок. Буга чейин ал баш калкалап жаткан үй Кыргыз жаранына таандык экени айтылган. Бирок такталган маалыматтардан соң турак үй Ирак жаранына таандык экени белгилүү болду.
Айта кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна куралдуу кол салуу болуп, 39 адам каза тапкан. Ал эми 70ке жакын адам ар кандай жаракат алган. Бул окуяга шектүүнүн сүрөтү жарыяланып, издөөгө алынган. Буга чейин түнкү клубга кол салган адамдын улуту уйгур болушу мүмкүн экени айтылган. Ошондой эле "клубга кол салган жаран менен байланышта болгон" деген шек менен 40 адам кармалган. Алардын көпчүлүгү Дагестан, Казакстан жана Кыргыз Республикасынан келишкени айтылган.
Куралдуу кол салууда Түркиянын 12 жараны, Сауд Арабиясынын 7 жараны, Ирактын 3 жараны, Ливандын 3 жараны, Индия, Иордания жана Марокконун экиден жарандары жана Бельгия, Израиль, Ливия, Канада, Кувейт, Орусия, Сирия жана Тунис өлкөлөрүнүн бирден жарандары көз жумган.