51 жыл мурун, 1966-жылы 17-январда Испаниянын Альмерия провинциясында АКШнын В-52 бомба таштоочу учагы менен ага май куюп жаткан учак кагышып, 7 киши каза болгон. В-52 учагындагы термоядролук бомбалардын бири кырсык учурунда Жер Ортолук деңизине кулап түшүп, 2 айдан кийин табылган. Аталган авиакырсык олуттуу дипломатиялык кризиске алып келип, ядролук куралы бар бомба таштоочу америкалык учактар Европанын жана Жер Ортолук деңизинин үстүнөн учпай калган.
17-январга карата жылнаама.