Ош облусуна караштуу Араван районундагы Төбө-Коргон айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Мындай маалыматты бүгүн, 18-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Белгилүү болгондой, өрттүн кесепетинен 54 чарчы метр, жыгач устундуу, шифер менен жабылган чатыр, 1,5 тонна саман, 2 тонна чөп күйгөн. Кырсык электр жабдууларын колдонуудагы эрежелердин бузулушунан улам келип чыккан. Кырсыктан жаракат алгандар, жабыркагандар болгон жок.
Аталган министрликтен билдиргендей, кечээ, 17-январда өлкө боюнча 8 өрт кырсыгы катталды.