Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ президенти Дональд Трампты сойкуларга байланыштырган маалымат тууралуу пикирин билдирди. Ал Москвага келген Трамптын мейманканага сойкуларды чакырганына ишене албай турганын айтат.
"Трамп акылы жетик эле адам, экинчиден, көп жылдар бою сулуулук сынактарын уюштуруп, дүйнөнүн эң сулуу айымдары менен баарлашып жүргөн адам. Анын биздин социалдык жоопкерчилиги төмөн кыздар (сойкулар) менен жолугушуу үчүн аларды мейманканага чакырганын элестетүү мага кыйын. Алар дүйнө боюнча эң мыктылар экени талашсыз, ошентсе дагы..." - дейт Путин.
Буларды Путин 17-январда Москвада маалымат жыйында айтты.
Эске салсак, Американын атайын кызматтары АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трампка байланыштуу орусиялык атайын кызматтарда компромат бар деген досьесин жарыялаган. Аталган маалымат жыйында Путин мындай маалыматка "өрдөк" деген баа берди. "Бул нерсе кезектеги жасалма. Бул батыштагы, анын ичинде АКШдагы саясий элитанын бузулуп баратканынан кабар берет", - дейт Путин.