ӨКМнын бирдиктүү каражат которуу эсебине 2 миллион 395 659 сом которулду

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бирдиктүү каражат которуу эсебине 2 миллион сомдун айланасындагы каражат которулду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

"18-январь, саат 13:00гө карата өкмөттүн тапшырмасы менен ачылган атайын эсепке 2 миллион 395 659 сом каражат келип түштү. Учурда аталган эсепке каражат которгондордун саны өсүүдө", - деп билдирет ӨКМдан.

Эскерте кетсек, бул эсепке дүйнөнүн бардык бурчунан бардык валютада каражат которууга мүмкүн. Акча салуу үчүн барган банкка эң башкысы эсептик номерди туура көрсөтүү зарыл.

Учак кырсыгынан жабыркаган жарандарга жана жакындарынан айрылган үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн бирдиктүү каражат которуу эсебин дагы бир ирет жарыялайбыз:

Эсептик номер: 4407012100007868

Банк: Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгы (Банк: Центральное казначейство МФ КР)

БИК: 440001

Төлөм коду: 14238900

ОКПО: 22710535

ИНН: 00103200110150

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Seryi-Kardinal
2017-01-18 14:21:53
kaza bolgon 34 adamdyn jakyndaryna bolup bergile. 70 000 den tiet eken
0
ruslan.78.23
2017-01-18 15:28:04
Жеп алышпаса эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан