Бишкектин жашоочусун “виза ачып берем” деп алдоого шектелип 22 жаштагы Т.А. жана 25 жаштагы О.Э. аттуу шаар тургундары кармалышты. Мындай маалыматты бүгүн, 18-январда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын Д.А. аттуу тургуну укук коргоо органынын кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Арызда 2016-жылдын 18-ноябрында белгисиз адамдар "BeTriel" деген туристтик агенттиктин кызматкерлери катары өздөрүн тааныштырып, жабырлануучунун ишенимине кирип, “виза ачып беребиз” деп 500 доллар алгандыктары айтылат. Ошол күндөн тарта акчаны кайтарып беришкен эмес. "Алдоо кылмышына шектелип кармалган жарандардын үстүнөн учурда тергөө иштери жүрүүдө", - деп айтылат маалыматта.