Ысык-Көл облусунда "жарандык никедеги күйөөсүн өлтүргөн" деп шектелген аял кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-январда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 3-январь күнү саат 13:27 чамасында Тоң РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда Бөкөнбаев айылындагы өз үйүнөн 51 жаштагы И.Анын жансыз денеси табылганы айтылган. Сөөктү кароо учурунда маркумдун төшүнө, акырегине жана бутуна учтуу нерсе сайылганы белгилүү болгон. Бул боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам издөө иштери жүргөн.
17-январь күнү бул кылмышка шектүү катары маркумдун жарандык никедеги аялы 46 жаштагы Ч.Р. кармалган. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылган ишин мойнуна алды.
Шектүүнүн айтымында, буга чейин каза болгон И.А. менен кызганычтан улам уруш-талаш болуп келген. Ошол күнү маркум мас абалда келип, үйдө уруш чыккан. Ага ачууланган Ч.Р. консерва ачып жаткан колундагы бычагы менен бир нече жолу сайып салган. Андан соң из жашырып кеткен.