Жогорку Кеңеш "Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө" мыйзамды кабыл алды.
Ага ылайык, чек ара тилкесинде, ошондой эле чек ара тилкесинин сырт жагынан 500 метр аралыкта, Мамлекеттик чек ара сызыгынан чек ара тилкесинин туурасы 50-100 метрди түзгөн жерлеринде аң уулоого тыюу салынат.
Добуш берүүгө катталган бардык 118 депутат "макул" деп добуш берди.