Бишкекте жеңил атлетикалык чуркоолор өткөрүлөт

Эртең, 27-апрелде баш калаада жеңил атлетикалык чуркоолор өткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет. Иш-чарага жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын, райондук администрациялардын кызматкерлери жана Октябрь районундагы мектептердин мугалимдери катышат. Мелдештин ачылышы саат 10:00дө шаардагы Түштүк магистралда өткөрүлөт. Чуркоо Байтик баатыр көчөсүнөн башталып Тынчтык көчөсүнөн аяктайт. Жеңүүчүлөргө райондук администрациялардын баалуу сыйлыктары тапшырылат.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан