Депутат Дары-дармек департаментинин жетекчиси кызматына ачык сынак жарыялоо керек экенин сунуштады

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аида Исмаилова Дары-дармек департаментинин жетекчиси кызматына ачык сынак жарыялоо керек экенин сунуштады.

“Ушул жумада жаңы жетекчи даярдалат экен деген сөздөр бизге чейин жетти. Бул орунга ар ким өзүнүн кишисин койгусу келип жатат. Ушуга байланыштуу ачык сынак жарыялоо керек деген сунуш киргизип жатам”, - дейт эл өкүлү.

Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин директору Рустам Курманов 2016-жылы 23-декабрда кызматтан кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан