Индияда оор жүк ташуучу унаа менен автобус сүзүшүп, 18 мектеп окуучусу каза болду

Индияда оор жүк ташуучу унаа менен автобус сүзүшүп, 18 мектеп окуучусу каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-январда чет элдик маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, кырсык бүгүн эртең менен Индиянын Уттар-Прадеш штатында болгон. Анда окуучуларды мектепке алып бара жаткан автобус картошка жүктөлгөн унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен кеминде 18 окуучу каза болуп, 40ка жакыны жабыркаган.

Алдын ала маалымат боюнча, оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу ылдамдыгын жогорулатып, жыйынтыгында рулду башкара албай калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Seryi-Kardinal
2017-01-19 12:45:02
58 adam bata beken
0
kanyshai_2011
2017-01-19 17:39:24
Ее Аллахым бодо кырсыктан сактасын жаш балдар екен жайлары жаннаттан болсун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан