Авиакырсыктан жабыр тарткандарга алматылыктардын жардамы жолдо келе жатат

16-январда болгон авиакырсыктан жабыр тарткандарга Алматы шаарынын тургундары да четте калбай жардам көрсөтүүнү чечишкен. Бүгүн, 19-январда 3 унаа толо жардам Бишкекке келе жатат. Бул тууралуу "Мен алматылыкмын" бирикмесинин лидери Константин Авершин SUPER.KG порталына билдирди.

"Бишкекке жетерибизге 80 чакырым бар. Жардам чогултуу идеясы келген соң уюштурдук. Көп алматылыктар колунан келген жардамын беришти. Жадакалса кичинекей Мухамед жана Маликуша Мурзаевдер апасы менен келип жардамын көрсөтүштү. Алар чогулткан акчага канцелярдык товарларды сатып алып, кырсыктан бир туугандарын жоготкон балага берүүнү өтүнүштү. Мен чоң эле кишимин, аларды көрүп, сүйлөй албай, көзүмө жаш алчудай болдум", - дейт Авершин.

Ошондой эле активист жардам катары бир гана оюнчук, азык-түлүк, кийим-кече, канцелярдык товарлар кабыл алынганын айтып, акчалай жардам албаганын кошумчалады.

"Буга чейин акчалай жардам чогултуу боюнча тажрыйбам бар. Акча менен байланышпай эле коюуну туура көрдүм", - деди активист.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
Patirot
2017-01-19 12:24:22
Атамбаев келбеди кырсык болгон жерге башка өлкөдөн келип жатышат
+2
Ilimbek1
2017-01-19 12:36:58
Rahmat bir tuugandar
+12
Ulan2601
2017-01-19 13:01:20
Чон рахмат Казак элине конул айтып ушундай жардам бергенине
+17
lazygirl
2017-01-19 13:06:53
Аллахым ыраазы болсун!
+10
keba300989
2017-01-19 13:16:00
Менинда ыйлагым келип кетти, Рахмат ушуну уюштурган Константин Авершиналматы
+10
bakit-bosteri
2017-01-19 13:29:03
Кичинекей болсо дагы Алматалык боордоштор Мухамед жана Маликуша Мурзаевдер апасы менен кылган жакшылыгына таазим этип, чоон рахмат айтмакчыбыз!жана Ысык-Колго жайында келип,эс алуу жайлардын биринде эс алып кетишсин деп чакырмакчыбыз.
+13
Nur1k
2017-01-19 13:36:08
bakit-bosteri, колдуктор баргандарды тоной берсенер эчким баргысы келбейт да. Казактардын сайтына кирип ысык кол жонундо форумдарын окусан. Барсак эле тоной беришет деп бизди жамандашат.
+11
Nursultan.m.n
2017-01-19 13:33:46
Кыргыз-казак бир тууган деген чын экенине дагы бир ынандым
+9
admin_portal
2017-01-19 14:15:19
amin1986, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
bakit-bosteri
2017-01-19 18:06:09
Nur1k...Ысык-Колго эс алып журбогонсуп суйлобочу, Ысык-Колдо местныйлар тонобойт, чет жактан келгендер тонойт. Эч ким тааныбайт, эч ким билбейт деп. Колдукторго соз тийгизбечи, элди болуп жарган сен болсон дагы.

-2
Nur1k
2017-01-19 19:10:30
bakit-bosteri, мен болуп жарган жерим жок! Озум бир нече жолу барып эс алып келгем ысык колубузго барып. Мен оюмдан чыгарбай эле казактардын форумдарынан окугам. Аны местныйлар кылабы же башкасыбы аны биле албадым
0
bakit-bosteri
2017-01-19 20:56:50
ur1k....Доехали мы нормально, без каких-либо проблем.
Отель мы нашли сразу, и узнали, что это наш отель. Встретили нас как родных. Поселили сразу...................Такое гостеприимство! А что касается Иссык-Куля.... то это просто чудо! Мы влюбились в Иссык-Куль!!!!! ............Отдыхал на озере Иссык-Куль первый раз. Очень понравилось. Красивая природа. Чистое озеро. Приветливый народ.........ушундай соонун создор экен....казактар, орустар мактап жазып жатышат Ысык-Колду...
0
bakit-bosteri
2017-01-19 20:59:03
Nur1k.......колдуктор баргандарды тоной берсенер эчким баргысы келбейт да?деген созун жамандаган эмеспи? анан сайттан окугам деп сен колдукторго шек келтирбе.Башынан отсо анан жаз.Мен Ошол казак боордоштоду от души чакырып жатам,эс алып кетишсин деп,сен ойлогондой тоноп, сабаганы эмес.
0
Manas230595
2017-01-19 22:30:42
Алла ыраазы болсун ошо корсоткон жардамынардын шарапаты менен кудай куноонорду кечирген болсун аллахтын раазылыгы биринчи орунда турат аллах бизди жараты алла бизди алат кайра алладан башка кудай жок ал улук мухаммад анын элчиси биз анын умотторубуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан